Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды-Суу айылдык кеңешинин «Талды-Суу айыл аймагынын С Райымбеков, А Осмоналиев, Т Тынымбаев атындагы орто мектептеринде „Көзөмөлчүлүк Кеңешин“ түзүү жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2016-жылдын 30-июну № 29/8 Талды-Суу айыл аймагынын С Райымбеков, А Осмоналиев, Т Тынымбаев атындагы орто мектептеринде "Көзөмөлчүлүк Кеңешин" түзүү жөнүндө «Көзөмөлчүлүк Кеңеши жөнүндө» КРнын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык пайланылышын камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктарын жетекчиликке алып, Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын С. Райымбеков, А Осмоналиев, Т Тынымбаев орто мектептеринде бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
2. Талды-Суу айыл аймагындагы мектепке чейинки жана с Райымбеков, А Осмоналиев, Т Тынымбаев орто мектептеринде бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата "Көзөмөлчүлүк Кеңешинин" курамы түзүлүп бекитилсин.
С Райымбеков мектеби боюнча: А Осмоналиев мектеби боюнча:
1. Абдыбалиева Рабия 1. Жусубакунова Атыркүл
2. Имерова Индира 2. Бектуров Камчыбек
3. Боскунчиева Айтбүбү 3. Абдыбекова Салтанат
4. Жусубалиева Назгүл 4. Жумалиев Жаныбек
5. Султаналиева Алмаш 5. Кыдырбаева Айшабүбү
6. Исмаилов Ишеналы 6. Рахатбек кызы Нургүл
7. Жумабаев Казыбек 7. Жумалиев Темиркул
8. Курманбаев Төлөбек
9. Тогузбаева Асель
Т Тынымбаев мектеби боюнча:
1. Үсөналиев Нусубакун,
2. Стамакунова Бүбүкан
3. Дербишова Нурайым
4. Шаршеева Мээрим
5. Таалайбек кызы Нурзат
6. Саргашкаев Алишер
7. Орозбаев Сагындык
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У Бердигуловко, мектеп директорлору Т Багышовко, О Байковага, Э Жантемировага тапшырылсын.
Талды-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы
Ж.Молоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон