# Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № IV/III "Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № IV/III "Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: IV/III
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/253374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31460/edition/751367/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № IV/III "Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/253374

---

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

2016-жылдын 2-августу № IV/III Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин бекитип берүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишими бекитилсин.

2. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин,штат бирдигинин акча-каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын (келишим тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Барктабасовага милдеттендирилсин.

Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы

К.Керимбаев
