# Казбек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 7 "2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Казбек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 7 "2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/253350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31436/edition/751567/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казбек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 7 "2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтому (21.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/253350

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 14 сессиясы

2015-жылдын 21-октябры № 7 2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декбрындагы “2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 854 токтомун аткаруу максатында, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декбрындагы “2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 854 токтомун аткаруу үчүн Казыбек-Жаңы-Күч айылдарына 1:5000 масштабындагы такталган схематикалык карталарын үч нускада чийдирүү үчүн 18000 сом бөлүнүнүп берилсин.

2. Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарына үч нускада 1:5000 масштабында карта чийдирүү үчүн 18000 сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы

Б. Аттокуров
