# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 4 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Каравшин жайлоосундагы Карасуу участкасынан «Титан» жоопкерчилиги чектелген коомуна слюда кенин иштетүү үчүн 2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 4 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Каравшин жайлоосундагы Карасуу участкасынан «Титан» жоопкерчилиги чектелген коомуна слюда кенин иштетүү үчүн 2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/253032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31129/edition/798791/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 4 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Каравшин жайлоосундагы Карасуу участкасынан «Титан» жоопкерчилиги чектелген коомуна слюда кенин иштетүү үчүн 2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (07.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/253032

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясы

2014-жылдын 7-октябры № 4 Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Каравшин жайлоосундагы Карасуу участкасынан «Титан» жоопкерчилиги чектелген коомуна слюда кенин иштетүү үчүн 2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын1. негизинде Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу «Каравшин» жайлоосунун Карасуу участкасынан «Титан» ЖЧКна № 3694 ТЕ 21- август 2014-жылы кен байлыктарды иштетуу укугуна берилген лицензиясынын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси», «Жер казынасы жөнүндө» лицензиясын, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 01.10.2014-ж. № 2 протоколун карап чыгып жана талкуулап Ак-Татыр айылдык кенешинин III чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Титан жоопкерчилиги чектелген коому Каравшин жайлоосунун Карасуу аймагынан слюданы иштетип чыгаруу үчүн Ак-Татыр айыл өкмөтүнө тиешелүү 214 га жер аянты 2033-жылга чейин убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин жана жайыт пайдалануучулардын укуктары эске алынсын.

2. Пайдалануу үчүн берилген жерди иштетүүдө айыл чарба жоготуусуна жана жоготууга учураган пайда төлөмдөрү төлөнсүн.

3. “Титан жоопкерчилиги чектелген коомунун Каравшин жайлоосунун Карасуу аймагында слюда иштетип чыгаруу үчүн Ак-Татыр айыл өкмөтүнө тиешелүү 214 га жер аянтын документтештирүү Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды катоо башкармасынан суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.

Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы

Ж.Садыков
