Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2012 жылдын 13 январы,№2 «Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин регламентине кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясы
2012 жылдын 13 январы,№2 Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин регламентине кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-ноябрь №228 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнундө мыйзамына өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-ноябрь №228 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2011-жылы 30-ноябрь №228 «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 17-август 2011-жылы № 1 токтому менен XXVII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясында бекитилген регламентине кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Токтомду Чолпон-Ата шаардык кеңешинин тизмесине каттап, укуктук актыларга дал келүүчү маалыматтарды киргизуу максатында Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтлсүн.
4.Шаардык кеңештин регламентине киргизилген кошумчалар, өзгөртүүлор массалык маалымат каражаттарынын беттерине чагылдырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон-Ата шаардык кенешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Чолпон-Ата шаардык кенешинин торагасы
Д.Мамышаев
IV БОЛУМ Мэрия жөнүндө
14-глава
Шаардын мэрине кандидатураларды көрсөтуу боюнча шаардык кеңештин чечими.
14.1 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43 –беренесине ылайык шаардык кенештин депутаттары төмөнку ыйгарым укуктарга ээ:
- Мыйзам чегинде шаардын мэрине кандидатураларды көрсөтүүгө;
-Эгерде шаардын мэри өзүнүн ишин тийиштүү денгээлде аткара албаса, депутаттардын учтөн эки болугу ишенбестик көрсөто алышат.
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишенбестик көрсөткөндо мэрди жумуш ордунан бошотот же болбосо депутаттардын чечимине макул болбойт.
- Эгерде депутаттар экинчи жолу шаардын мэрине ишенбестик көргөзо турган болушса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 3 айдын ичинде мэрди жумуш ордунан бошотот.
14. БОЛУМ
Шаардын мэрин шайлоо жөнүндо
15.1.Шаардын мэри шаардык кеңеш аркылуу депутаттардын чакырылышы бүткөнго чейин шайланат;
15.2.Шаардын мэрине кандидатуларды көрсөтүүгө шаардык кенештин фракциялары жана Премьер-министр укуктуу;
15.3 Шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрин жашыруун добуш берүү аркылуу шайлайт. Шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү шайлоого катышса , шайлоо өттү деп эсептелинет.
Эгерде :
- Бир кандидат каттоодон өтүп, керектуу добушту топтой албаса, шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт;
- эки кандидат катталып, бири да жетиштүү добуш алышпаса, эки кандидаттын көбүөөк добуш алган кандидаты экинчи турга катышып добушка салынат.Эгерде биринчи турда бардык кандидаттар жетиштүү добуш алышпаса шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде депутаттардын көпчүлүгү «бардык кандидаттарга каршы» деген добуш беришсе, шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде шайлоо күнго чейин бир да кандидат каттоодон өтпөсо же болбосо шайлоодон талапкерлигин алып салышса, экинчи тур өткөрүлөт.
15.4 Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген куну депутаттар шаардын мэрин шайлап алышпаса анда Президент жергиликтүү кенешти таратат да тез арада жергиликтүү кенешке шайлоо күнүн белгилейт.
Жергиликтүү кеңештин жаны курамы шайлангыча шаардын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Премьер-министр аркылуу дайындалат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 30.11.2011 · № 228 · Күчүн жоготкон