Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кажы-Сай поселкалык кенешинин «Кажы-Сай поселкалык кенешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КАЖЫ-САЙ ПОСЕЛКАЛЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Кажы-Сай поселкалык Кеңешинин XXIV сессиясы
2011-жылдын 26-августун №1 Кажы-Сай поселкалык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кажы-Сай поселкалык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенеттигинин 11-август 2011-жылдагы №01-9/47 буйругуна ылайык Кажы-Сай поселкалык Кенешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-1 главасына, төмөндөгу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеӊешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администациясынын башчысы (аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин деггутаттары тарабынан шайланат.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеӊештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1.) айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим:
- талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
- автобиография;
- өздүк баракча сүрөтү менен;
- соттолбогондугу тууралуу справка;
- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн эмгек китепчеси;
- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн жогорку билими тууралуу диплом;
- справка обьективка;
2. Регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
Кажы-Сай поселкалык кеӊешинин төрагасы
Баялиева А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Регламент (Кажы-Сай поселкалык кенешинин 2011-жылдын 26-августундагы токтому менен бекитилген)Регламент · 26.08.2011 · № 1