# Гулистан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № XXVII-I "Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Гулистан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № XXVII-I "Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXVII-I
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/252400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-30498/edition/706001/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гулистан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № XXVII-I "Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралуу" токтому (24.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/252400

---

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы

2016-жылдын 24-февралы № XXVII-I Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралу Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жана 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 210 токтомдорунун негизинде жеке менчикке турак жайы куруу үчүн жер участоктору берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитип берүүнү сунуштаган. Гулистан айыл кенеши айыл өкмөтү сунуштаган жеке менчикке турак жай куруу үчүн жер берүү боюнча жер комиссиясын курамын карап чыгып жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2 буйругу бекитилсин.

2. Жер комиссиясы ишин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жана 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 210 токтомдорунун ушул токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр-жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы

И. Ташматов
