# Жошолу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-октябрындагы № 25/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жошолу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-октябрындагы № 25/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/3
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/252194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-30292/edition/702138/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жошолу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-октябрындагы № 25/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө" токтому (15.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/252194

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV заседаниеси

2015-жылдын 15-октябры № 25/3 Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндөайыл өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча долбоордун жетекчиси Т.Абдрахманов тарабынан даярдалган долбоорун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХV заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.

2. Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору 2 764 892 сомду түзүп,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 193 542 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төгүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Долбоорго керектелүүчү төлөмдү өз убагында төлөп берүү жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жана айылдык кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Иманахунов
