Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жошолу айылдык кеңешинин «Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV заседаниеси
2015-жылдын 15-октябры № 25/3 Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндөайыл өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча долбоордун жетекчиси Т.Абдрахманов тарабынан даярдалган долбоорун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХV заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.
2. Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору 2 764 892 сомду түзүп,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 193 542 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төгүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Долбоорго керектелүүчү төлөмдү өз убагында төлөп берүү жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жана айылдык кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Иманахунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.