# Бишкек шаардык кеңешинин токтому 2012-жылдын 24-октябрындагы № 333 "Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы N 227 "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдө үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин токтому 2012-жылдын 24-октябрындагы № 333 "Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы N 227 "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдө үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/252159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-30258/edition/701559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/252159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин токтому 2012-жылдын 24-октябрындагы № 333 "Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы N 227 "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдө үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/252159

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2012-жылдын 24-октябры № 333 Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы N 227 "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдө үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы N 20 "Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартибин жөндөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы N 227 "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында кеп квартиралуу үйлөрдө үлүштүк курууга катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун бардык тексти боюнча "Куруучу" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-главанын 6-пунктунун "б" кичи пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"б) ар бир үй бүлө мүчөсүнүн турак жай аянтынын деңгээли социалдык ченемден төмөн турган турак жай аянты менен камсыз болгон";

- 2-главанын 6-пункту төмөнкү мазмундагы кичи пункт менен толукталсын:

"в) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, үй-бүлө курамында оорулуулар, өнөкөт орууларынын кээ бир оор формалары менен азап чеккендери бар квартираларда жашагандар бир квартирада биргелешип жашоого мүмкүн болбогон учурларда";

- 3-главанын 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"10. Комиссия турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун тизмесин маалымат пакеттери менен ар бир арыздануучуга карайт. Комиссия кароонун жыйынтыгы боюнча үлүштүк курууга катышуу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал комиссиянын протоколу менен жол-жоболоштурулат.";

- 4-главанын 18-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"18. Үлүштүк курууда катышуу укугун алган арыздануучулар ортосунда кабаттар боюнча квартираларды бөлүштүрүү чүчү кулак кармоо жолу менен ишке ашырылат.".

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга (С.Г.Загинайло) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы

А. Кайыпов
