# Кыштут айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы № 5 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян Сай айылдарындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыштут айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы № 5 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян Сай айылдарындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/252109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-30208/edition/699123/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыштут айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы № 5 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян Сай айылдарындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (25.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/252109

---

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы

2015-жылдын 25-марты № 5 Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян Сай айылдарындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрциялар жөнүндө» 2008-жылдын 29-майындагы №99 Мыйзамынын 18,27 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндөгү» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу 2009-жылдын 20-июлундагы №240 Мыйзамынын 21- статьясынын 2-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы №445 токтому менен бекитилген «мамлекеттик башкаруучу чарбакер субьектеринин товарларына (жумуштарына көрсөтүлүүчү кызматтарына) баллдарды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобону» жана «Таян таза суу» ИСКАККБнын сунушун, жетекчиликке алып Кыштут айылдык Кенеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян, Сай айылдарындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифи жан башына 15 (он беш) сомдон төлөнөрү белгиленсин.

2. Үйүнүн ичине киргизгиндерге 250 (эки жүз элүү) сом менчик коммерциялык мончолорго 1000 (миң)сом үйүнө сууну тартып кирүү акысы 3000 (үч мин) сом бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Зикиров
