# Дара айылдык кенешинин 2011-жылынын 20-сентябрындагы №3 "Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кенешинин 2011-жылынын 20-сентябрындагы №3 "Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1178/edition/337780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кенешинин 2011-жылынын 20-сентябрындагы №3 "Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25205

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дара айыл округунун айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын XXIV – сессиясынын

2011-жылдын 20-сентябры №3 Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Дара айылдык округдук кеңешинин IV-чакырылышнын XXIV -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгу Жобосунун негизинде Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Дара айылдык округдук кеңешенин төрагасы

А.Камалов

2011 - жылдын 20 - сентябрында Дара айылдык округдук кеңешинин IV - чакырылышынын XXIV – сессиясынын №3 токтомуна № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Дара айылдык округдук кеңешинин IV-чакырылышынын XXIV - сессиясынын № 15 токтомуна № 1 тиркемеси.

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгу мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгу Жобосунун негизинде Дара айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

Дара айылдык округдук кеңешенин жооптуу катчысы

М.Шадыбеков
