# Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2011-жылынын 23-ноябрындагы №28/157 "Кызыл-Кыя шаарындагы маршруттук каттамдардагы микроавтобустардын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2011-жылынын 23-ноябрындагы №28/157 "Кызыл-Кыя шаарындагы маршруттук каттамдардагы микроавтобустардын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/157
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1177/edition/337778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2011-жылынын 23-ноябрындагы №28/157 "Кызыл-Кыя шаарындагы маршруттук каттамдардагы микроавтобустардын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (23.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25204

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011 – жылдын 23– ноябры №28/157 Кызыл-Кыя шаарындагы маршруттук каттамдардагы микроавтобустардын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр-жай, курулуш, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, азыркы убакыта күйүчү–майлоочу майлардын, автоунаа тетиктеринин бааларынын кескин түрдө жогорулап жаткандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы №217 токтомуна жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Кыя шаарынын маршруттук каттамдардагы микроавтобустардын шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташууда бир жүргүнчүгө 10 сом өлчөмүндө акы алуу бекитилсин.

2.Милдеттендирилсин шаар ичиндеги маршруттук каттамдарды тейлеген автоунаа мекемесинин жетекчилигине жүргүнчүлөрдү ташуунун графиктерин жана автоунаалардын маршруттарын толук сактоо жагы.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр-жай, курулуш, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы

М.Эранов
