# Кара-Бак айылдык кенешинин 2011-жылынын 26-августундагы №1 "Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Бак айылдык кенешинин 2011-жылынын 26-августундагы №1 "Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1176/edition/337776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бак айылдык кенешинин 2011-жылынын 26-августундагы №1 "Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25203

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын

2011-жылдын 26-августу №1 Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүкттөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүкттөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Бак айылдык кеңешенин төрагасы

Т.Курбанбеков

2011-жылдын 26-августунда Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 16-бөлүктөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышнын кезексиз XX-сессиясы

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 16-бөлүктөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;

Кара-Бак айылдык кеңешенин жооптуу катчысы

Ж.Ажыкабылов
