Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Булак айылдык кенешинин «Кара-Булак айылдык Кеӊешинин Жобосуна (Регламент) ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү» токтому
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2011-жылдын 6-сентябры №1 Кара-Булак айылдык Кеӊешинин Жобосуна (Регламент) ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» жѳнүндѳгү Мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бѳлүктѳрүнѳ 53-54-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105 «Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби» жѳнүндѳгү Жобонун негизинде Кара-Булак айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу» жѳнүндѳгү Мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бѳлүктѳрүнѳ 53-54-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105 «Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби «жѳнүндѳгү кабыл алынган Жобосунун негизинде айылдык Кеӊештин регламентинин 2-главасынын 16-бѳлүмчѳсүнѳ тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
- Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кѳрсѳтүүгѳ айылдык кеӊештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеӊешке айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыӊдоо, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык Кеӊешинин тѳрагасы
О.Токсонов
2011-жылдын 6-сентябрындагы Кара-Булак айылдык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын №1 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүктөрүнө 53-54-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү кабыл алынган Жобосунун негизинде айылдык Кеӊештин регламентин 2-главасынын 16-бөлүмчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык Кеӊешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;
Кара-Булак айылдык округунун Кенешинин жооптуу катчысы
К.Асланова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун…Положение · 12.08.2011 · № 105 · Күчүн жоготкон