# Самаркендек айылдык кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 15 "Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Самаркендек айылдык кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 15 "Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1169/edition/335774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Самаркендек айылдык кенешинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 15 "Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому (19.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25196

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Самаркандек айыл округунун айылдык кенешинин 3-чакырылышынын 6-сессиясы

2011-жылдын 19-сентябры № 15 Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бѳлүкттѳрүнѳ, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жѳнүндѳгү Жобосунун негизинде Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин 3-чакырылышынын 6-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бѳлүкттѳрүнѳ, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жѳнүндѳгү Жобосунун негизинде Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бѳлүмүнѳ кошумча тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктолор киргизилсин:

- Айыл Ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүгѳ айылдык кеӊештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеӊешке айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык округдук кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Самаркандек айылдык округдук кеӊешенин тѳрагасы

К.Салихов

2011-жылдын 19-сентябрында Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин 3-чакырылышынын 6-сессиясынын № 15 токтомуна № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бѳлүкттѳрүнѳ, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жѳнүндѳгү Жобосунун негизинде Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин 3-чакырылышынын 6-сессиясынын № 15 токтомуна № 1 тиркемеси.

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бѳлүктѳрүнѳ, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жѳнүндѳгү Жобосунун негизинде Самаркандек айылдык округдук кеӊешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бѳлүмүн кошумча тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктолор киргизилди:

-Айыл Ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүгѳ айылдык кеӊештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеӊешке айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

Самаркандек айылдык округдук кеӊешенин жооптуу катчысы

С.Мамаярова
