# Лейлек райондук кенешинин 2011-жылдын 23-августундагы № 17/1 "Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин типтүү регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ» токтому

- Толук аталышы: Лейлек райондук кенешинин 2011-жылдын 23-августундагы № 17/1 "Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин типтүү регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/1
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1168/edition/335139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лейлек райондук кенешинин 2011-жылдын 23-августундагы № 17/1 "Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин типтүү регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ» токтому (23.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25194

---

ЛЕЙЛЕК РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин IV-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы

2011-жылдын 23-августу №17/1 «Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин типтүү регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин 5.5, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳгү» Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому менен кабыл алынган «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу райондук кеӊештин депутаттарынын чечим кабыл алууларынын сунуш-кѳрсѳтмѳ тартиби» жѳнүндѳгү сунуштамасынын негизинде депутаттардын Лейлек райондук кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1) Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №1/2 токтому менен кабыл алынган «Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин типтүү регламентинин IV-бѳлүгүнѳ 15-глава катары «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу райондук кеӊештин депутаттарынын чечим кабыл алууларынын сунуш-кѳрсѳтмѳ берүүсүнүн тартиби» киргизилсин.

2) Суралсын Кыргыз Республикасынын Баткен облустук юстиция башкармалыгынан депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин регламентине кийирилген толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жагы.

Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин тѳрагасы

А.Жалилов
