# Суу-Башы айылдык кенешинин 2011-жылынын 07-сентябрындагы №1 "Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2011-жылынын 07-сентябрындагы №1 "Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1167/edition/337774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2011-жылынын 07-сентябрындагы №1 "Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (07.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25193

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясынын

2011-жылдын 7 – сентябры №1 Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин 4-чакырылышнын кезексиз 27-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6 - бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Суу-Башы айылдык кеңешенин төрагасы

К. Амираев

2011-жылдын 7-сентябрында Суу - Башы айылдык кеңешинин 4 - чакырылышынын кезексиз 27-сессиясынын № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин 4-чакырылышнын кезексиз 27-сессиясы

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

Суу-Башы айылдык кеңешенин жооптуу катчысы

А.Сыдыков
