# Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2011-жылынын 28-сентябрындагы № 1 "Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2011-жылынын 28-сентябрындагы № 1 "Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1166/edition/336843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2011-жылынын 28-сентябрындагы № 1 "Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" токтому (28.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25192

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төрт-Гүл айылдык округунун айылдык кеңешинин 4 - чакырылышынын кезексиз 22 - сессиясынын

2011-жылдын 28-сентябры №1 Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы

М.Соорбаев

2011-жылдын 28-сентябрында Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын №1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү кабыл алынган Жобосунун негизинде айылдык кеңештин регламентинин 2 главасынын 16-бөлүмчөсүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

М Абдырахманов
