Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин «Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» токтому
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төрт-Гүл айылдык округунун айылдык кеңешинин 4 - чакырылышынын кезексиз 22 - сессиясынын
2011-жылдын 28-сентябры №1 Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы
М.Соорбаев
2011-жылдын 28-сентябрында Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын №1 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү кабыл алынган Жобосунун негизинде айылдык кеңештин регламентинин 2 главасынын 16-бөлүмчөсүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
М Абдырахманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун…Положение · 12.08.2011 · № 105 · Күчүн жоготкон