# Актатыр айылдык кеңешинин 2011-жылынын 27-сентябрындагы №1 "Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Актатыр айылдык кеңешинин 2011-жылынын 27-сентябрындагы №1 "Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1165/edition/336847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Актатыр айылдык кеңешинин 2011-жылынын 27-сентябрындагы №1 "Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (27.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25191

---

АКТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Актатыр айылдык округунун айылдык кеңешинин 3 - чакырылышынын 3 – сессиясынын

2011-жылдын 27-сентябры №1 Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Актатыр айылдык округдук кеңешинин 3-чакырылышнын 3-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Актатыр айылдык округдук кеңешенин төрагасы

Рахматбай уулу Каныбек

2011-жылдын 27-сентябрында Самаркандек айылдык округдук кеңешинин 3 - чакырылышынын 3-сессиясынын № 1 токтомуна № 1тиркемеси

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Актатыр айылдык округдук кеңешинин 3-чакырылышнын 3-сессиясынын №1 токтомуна №1 тиркемеси.

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Актатыр айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:

- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;

Актатыр айылдык округдук кеңешенин жооптуу катчысы

Ж.Эшмурзаев
