# Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 1/1 "Н.Нусубалиеванын арызы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 1/1 "Н.Нусубалиеванын арызы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/1
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/251804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29904/edition/691765/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 1/1 "Н.Нусубалиеванын арызы жөнүндө" токтому (24.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/251804

---

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XI сессиясы

2013-жылдын 24-апрели № 1/1

Н.Нусубалиеванын арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы №34 токтомунун негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нусубалиева Нурбүбүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы №70 протоколу жана №6 токтому жокко чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы №34 токтомунун негизинде Нусубалиева Нурбүбүнүн депутаттык мандаты калыбына келтирилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу М.Дункаевге жүктөлсүн.

Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы

Б. Касымалиева
