# Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 "Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу тургундардын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 "Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу тургундардын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/251674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-29784/edition/689502/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 "Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу тургундардын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө" токтому (18.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/251674

---

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2014-жылдын 18-февралы № 5 Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу тургундардын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши айылдагы тургундардын жеке тартипте үй курууга жер участогу алуу үчүн муктаждарды коп болгондугун эске алып, ошондой эле алардын талаптарын канаттандыруу, турак-жай фондунун жерлерин кеңейтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарбасына жарактуу мамлекттик фондунун кайрактагы № 428 контурдагы 6,60 га, № 641 контурдагы 12,0 га, жана № 506 контурдагы 1,50 га(мурун колхоз убагында носос менен сугрылып келген азыркы күндө сугаруу үчүн ынгайсыз болуп калган) жалпысы 20,10 га жер аянты жеке тартипте турак-жай куруу үчүн ажыратууга уруксат кылынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн «турак-жай маселелери боюнча» жетектөөчүү адиси Д.Давидовго жогоруда аталган жалпы аянты 20,10 га жердин категориясын өзгөртүү менен байланышкан документтерди даярдоо жагы милдетендирилсин.

3. Депутаттардын Араван райондук Кеңешинин кошмо жыйнынан ушул токтомду бекитип берүү жагы суралсын.

Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы

Т.Сатыбалдиев
