Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн тургуну А.Кулмурзаев жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 50 Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн тургуну А.Кулмурзаев жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы №138 сандуу токтомунун негизинде Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы №138 сандуу токтому эске алынсын.
2. Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаты К.Хусанов өз арызы менен мандатын тапшыргандыгына байланыштуу депутаттык тизмеден чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 19-декабрындагы № 6 токтому менен Кулмурзаев Абдугаппар Бүргөндү айылдык Кеңешинин депутаттык тизмесине киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевке милдеттендирилсин. милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы
К. Осконбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.