# Нарын райондук кеңеши 2012-жылдын 4-февралы № 20/3 "Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын райондук кеңеши 2012-жылдын 4-февралы № 20/3 "Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/3
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1118/edition/339678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын райондук кеңеши 2012-жылдын 4-февралы № 20/3 "Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө" токтому (04.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25139

---

НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ II чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2012-жылдын 4-февралы № 20/3 Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Нарын районунун административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 1-январынан баштап Нарын районунун административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

-айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы; -1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.

2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:

-Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жер салыгы жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.

3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салыккызматынын Нарын району боюнча башкармалыгына (Р.А.Абдылдаев) тапшырылсын.

Депутаттардын Нарын райондук кеңешинин төрагасы

М. Курманкожоев
