Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төө-Моюн айылдык кеңешинин «Төө-Моюн айыл окмотүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-5 Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобонун долбоору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине ылайык айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары комиссия) жөнүндөгү Жобо бекитилсин.(Тирелет).
2. Комиссия өз ишин “Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзсүн.
3. Комиссия:
-аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуучуларды аныктоо, гуманитардык жардам алуучулардын тизмесин түзүү жана социалдык жардамдардын башка түрлөрүнө муктаж адамдарды иликтөөдө чындыктуу маалыматтарга таянуу, ошондой эле өз иш аракетинин ачык айкындуулугун камсыз кылсын; -социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү түзүмдөрү менен өз ара тыгыз байланышта аракеттенсин;
- аз камсыз болгон, жардамга муктаж конкретүү үй-бүлөлөрдү кедейликтен чыгаруу боюнча иштерди уюштурсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.(Б.Тагаева).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Кадыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон