Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төө-Моюн айылдык кеңешинин «Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XXII-1 Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багытта алдыдагы милдеттер тууралуу Аймактык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багыттагы алдыдагы милдеттер тууралуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын төрайымы Б.Тагаеванын билдирүүсүн, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, айыл аймагында укук тартибин чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 66-Декрети менен бекитилген “Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндөгү”, Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 231-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коомдук тартипти сактоо боюнча кошундары жөнүндөгү” Жоболорго негиз айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле жергиликтүү коомчулук, ЖӨБ органдары менен байланышынын абалы, бул багыттагы алдыдагы милдеттер тууралуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын төрайымы Б.Тагаеванын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери И.Кадыровдун маалыматы эске алынсын.
3. Аймактык милиция бөлүмү тарабынан жергиликтүү коомчулук,ЖӨБ органдары менен бирдикте кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, жарандын жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
4. Айылдык милиция бөлүмүнө айыл аймагында мыйзамдуулукту чыңдоо, укук бузуулардын алдын алууда мындан ары коомдук алдын алуу борборунун, ыктыярдуу элдик кошуундарынын иштерин координациялоону жандандыруу, аксакалдар соттору, коомдук уюмдар, ЖӨБ органдары менен байланышты чыңдоо менен иш алып баруу зарылдыгы бар экендиги көрсөтүлсүн.
5. Айылдык милиция бөлүмүнө айыл аймагындагы билим берүү уюмдарында, ишкана, мекемелерде мезгил мезгили менен укук тартибин чыңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп барууну күчөтүү жагы сунуш кылынсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер, депутаттык этика, мыйзамдуулук, коррупциянын алдын алуу жана коомдук уюмдар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы Б.Тагаева) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Кадыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 15 апреля 1994 года №231 "Об утверждении Положения о дружинах по охране правопорядка Кыргызской Республики"Постановление · 15.04.1994 · № 231 · Күчүн жоготкон