# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013 жылдын 23 майындагы №6 "Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013 жылдын 23 майындагы №6 "Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1059/edition/466865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013 жылдын 23 майындагы №6 "Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жөнүндө" токтому (23.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25075

---

ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылыш кезектеги VII сессия

2013 жылдын 23 майы №6 Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жөнүндө Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарылышын контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине таянып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин чыгымдарын көзөмөлдөө максатында мэриянын алдында көзөмөлдөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттарынан (макулдугу менен) катышуусу белгиленсин

3. Комиссияны курамын түзүү шаардын мэрине (М. Арапбаев) жүктөлсүн жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом расмий түрдө жарыялангандан тартып өз күчүнө кирет.

Төрага

М.Тагаев
