# Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/37
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28850/edition/678723/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 8/37 "Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету жөнүндө" токтому (19.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250709

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

2013-жылдын 19-ноябры № 8/37 Депутаттардын шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө депутат С.Жумакановдун отчету

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын 25-статьясына жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 7-статьясына ылайык депутат С.Жумакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты С.Жумакановдун маалыматында көргөзүлгөн Кара-Саз байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен катар бир канча шайлоочулардын суроо талаптарын аткарып түшүндүрүү жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

3. Депутат С.Жумакановдун айылдын элин газета журнал менен өз убагында камсыз кылуу менен шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууда жогорку деңгээлде иш алып барып жаткандыгы белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын жооптуу катчысы А. Сыдыкбековага милдеттендирилсин

Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Байташов
