# Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №21/1
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28835/edition/656939/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтому (22.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250595

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы

2015-жылдын 22-майы № 21/1

Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесинин 6-бөлүмчөсүнө өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эске алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге көтөрүү жөнүндө МСКнын Алай райондук боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 20-мартындагы №14-05-10/151 катын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы №06 элдик жыйындын протоколун талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлсүн (тиркеме тиркелет).

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлгөндүгүн эсептеп чыгарып, элге маалым болуш максатында маалымат тактасына илүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д.Кеңешовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн КҮБ башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Абдраманов.
