Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин III чакырылышынын XXVII сессиясы
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
2015-жылдын 8-июну № 280 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 26-майындагы чыгыш № 196/08-6- №164-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы отурумунун №19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-токтому менен бекитилген №1-тиркемесиндеги «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясынын курамынан Ош шаарынын мэриясынын юристи С.Шакенов жана жеке ишкер А.Темировдорду чыгарып алардын ордуна Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы К.Нарынбаева жана жеке ишкерлер ассоцациясынын мүчөсү Ш.Эргешовдор киргизилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
У. Примов
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII-сессиясынын №280-токтомуна №1-тиркеме
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча
комиссиянын курамы
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Семетеев А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3.Камчы уулу К. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4.Нариев Ж. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5.Осмонов А.. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6.Турдубай уулу А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7.Каримбеков А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
8. Мамбетов К. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
9.Пирматов А. - Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча бөлүм башчысы;
10..Жолдошов А. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
11.Марифов Т. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
12.Каратаева У. - Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
13.Эшбаев Т. - Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы;
14.Нажиев Ш. - Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
15.Нарынбаева К. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
16. Ш. Эргешов - Жеке ишкерлер ассоцациясынын мүчөсү; (макулдашуу менен) Комиссиянын катчысы:
17.Мамазаиров С. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жер укуктарын сатуу бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №165 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген…Постановление · 19.02.2019 · № 165
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 9 "Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 280-токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берγγ…Постановление · 30.05.2016 · № 9 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Ош шаардык Кенешинин 2014-жылы 27-мартындагы № 164 (Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы сессиясынын №84-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат…Постановление · 27.03.2014 · № 164
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.