Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жерге-Тал айылдык кеңешинин “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” токтому
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 3-марты № 6-15-3 “Мектеп жана мектепке чейинки балдарга тарбия берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө” Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга киреше, чыгаша булактарынын аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетин бекитуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Жерге-Тал айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылында жаны «Жибек» балдар бакчасына эки тайпа ачууга уруксат берилсин жана жаны ачылуучу балдар бакчасын уюштуруу иштерине жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражаты бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15-январдагы № 7 токтомуна ылайык «Жибек» балдар бакчасында тарбиялануучуларга ар бирине 18 сомдон кунуно тамак ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда жана максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөевага жана ФЭБ башчысына,балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын ата-энелер коому тарабынан жыйналган атайын каражаттарды казыналык системаны аттап түп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% тийиштуу баскычтагы бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин. Көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук,укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн муниципалдык обьектилерине иштетилүүчү электр энергиясына болгон лимит жыл үчүн сметада көрсөтүлгөн суммага ылайык бекитилсин.Көзөмөлдөө жагы курулуш,энергетика жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун финансалык пункттарын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет,финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы
А. Муратбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.