Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Куйручук айылдык кеңешинин ««Миң-Куш айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрининин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 358-р тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер- Министринин 10-февраль 2014-жылдагы №18-22 сандуу протоколдук тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында айылдын аймагына Миң-Куш айылынын элин жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин (Кара-Чий участкасы) трансформациялоого сунуштоо жөнүндө» токтому
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Куйручук айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
2014-жылдын 15-июлу № 27/4 «Миң-Куш айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрининин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 358-р тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер- Министринин 10-февраль 2014-жылдагы №18-22 сандуу протоколдук тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында айылдын аймагына Миң-Куш айылынын элин жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин (Кара-Чий участкасы) трансформациялоого сунуштоо жөнүндө Куйручук айыл аймагынын ХХVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл өкмөтүндөгү Кара-Чий участкасынын 1047 контурунан 1,65 га жер тилкеси Миң- Куш айылынын көчүрүлүүго муктаж калкын (11 үй бүлөө) жайгаштырууга, берүүгө жана турак жай курууга трансформация кылууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековго милдеттендирилсин.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы
З. Баисов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябры № 358-б (Оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн жер казуучу техниканы сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 06.09.2013 · № 358-р