# Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-10/17
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28506/edition/785218/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/17 "Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө" токтому (17.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250247

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2017-жылдын 17-марты № 01-10/17 Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жайлар үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” органдары жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;4;5-пункуттарына, КР “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесине, КР “Салык эмес төлөмдөр” Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 10-марттагы отурумунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын ичинде автомашиналарга парковкалоо жана токтоочу жай берүү үчүн төмөнкүдөй төлөм акылары бекитилсин:

-Жеңил таксилер үчүн 20 сом; -микроавтобустар 30 сом; -оор жүк ташуучу автоунаа 50 сом

2. Шаар аймагында автомашиналар үчүн токтоочу жайларга төлөм акылары киргизилгенди шаар калкына “Өрүк зар” коомдук газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.

Төрага

А. Ташбеков
