# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28425/edition/781130/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому (24.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250166

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )

2017-жылдын 24-февралы № 13 Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ветинспектору Курбанбаев Осмондун Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча:

· Ар бир ири мүйүздүү малга басылган кулак сыргалары үчүн 40 сомдон жана ветадистердин кызматы үчүн 30 сомдон кызмат акы эл тарабынан төлөнүп берилсин.

· Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун кызмат акысы айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин. (Т.Туйбаев)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А.Мурзаев)

Төрага

А. Беделов
