# Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 12 (Жер комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө токтому)

- Толук аталышы: Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 12 (Жер комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө токтому)
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28366/edition/779551/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 12 (Жер комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө токтому) (29.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250107

---

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-сентябры № 12 Кыргыз республикасынын “Жер Кодексинин” 13,27 беренелеринин, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”мыйзамынын 4 беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 47 беренесинин жана Куйручук айыл аймагынын жер комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куйручук айыл аймагындагы Байтокова Зулайка көчөсүндөгү Ж. Шамбетов менен З. Асанбековдун ортосундагы 0,18 га бош жерди май куйуучу жай курууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине, балансасына берилсин.

2. Бөлүнүп берилген жер участогуна тийиштүү юридикалык документтерди даярдап берүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жумгал райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановко жүктөлсүн.

Төрага

К. Чокоев
