# Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/4
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/250070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28329/edition/779258/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 29/4 "Келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (04.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/250070

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы

2016-жылдын 4-августу № 29/4 Келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Ресрубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы укуктарды берүү жөнүндө №145 токтомунун негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор районунун Кочкор айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика бөлүмү менен Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.

2. Кыргыз Ресрубликасынын Каржы Министирлигинен түзүлгөн келишимдин негизинде жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Кочкор айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г.Д. Калыковага келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтароды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.

Төрага

А. Аситов
