Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген „Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө“ жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 14 января 2020 года № 143 "Об утверждении Положения о порядке управления объектами движимого и недвижимого имущества, находящимися в муниципальной собственности города Бишкека, и предоставления на них ограниченных вещных прав"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-01-14.
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-апрели № 67 Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө Бишкек шаарына инвестицияларды тартуу, Бишкек шаарына эстетикалык көрүнүш берүү, шаардык бюджетти толтуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- Жобонун 66-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Аялдама комплекстери жана жер алдындагы өтмөлөр комиссиянын чечими менен соодалоо өткөрүүсүз берилүүсү мүмкүн".
2. "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобонун "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектке рыноктук ижара төлөмү менен ижара укуктарды берүү тартиби эрежелери" 1-тиркемесине төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган өзүнчө турган турак эмес имараттарды курулмаларды же жайларды соодалоого койгон учурда, айлык рыноктук төлөмдүн баштапкы ставкасына объекти тейлөө үчүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган жанаша жаткан жер участогу үчүн дагы ижара төлөмү кирет. Ошону менен бирге жер участогунун ижара төлөмү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык чегерилет.
3. Бишкек шаарынын мэриясы өздүк ченемдик-укуктук актыларды бул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А.Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Положение о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в коммунальной собственности города Бишкек (утверждено постановлением Бишкекского…Положение · 22.05.2002 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 14.01.2020 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 30 "“Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк…Постановление · 03.10.2017 · № 30 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 22 мая 2002 года № 127 "Об утверждении Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости…Постановление · 22.05.2002 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 июля 2003 года № 189 "О порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе…Постановление · 09.07.2003 · № 189 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 14.01.2020 · № 143 · Күчүн жоготкон