# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 26-декабырдагы №11/63 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 26-декабырдагы №11/63 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/63
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-933/edition/459468/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 26-декабырдагы №11/63 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө" токтому (26.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24931

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 26 - декабры №11/63 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 Мыйзамынын 10-беренесине негиз, Кызыл - Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын түзүлгөн социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондуна жыл сайын шаардын жергиликтүү бюджетинин план-божомолунан ашыкча аткарылган сумманын 3% которулуп берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы:

М. Эранов
