# Кең-Булуң айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 30-мартындагы № 100/XV-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кең-Булуң айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 30-мартындагы № 100/XV-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100/ХV-25
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-929/edition/452894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Булуң айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 30-мартындагы № 100/XV-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24927

---

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-марты № 100/XV-25 Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин иш аракетке киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 12-2 жана 12-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын 12.01.2002-жылдагы «Жергиликтүү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» №5 мыйзамына ылайык Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Булуң айылдык округунун аймагында калк конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн юридикалык жана жеке жактардан салык төлөмдөрүн чогултуу киргизилсин.

2. Калк конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн юридикалык жактардан 100 сом өлчөмүндө жыйымдарды чогултуу бекитилсин.

3. Калк конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жеке жактардан 10 сом өлчөмүндө жыйымдарды чогултуу бекитилсин.

4. Кең-Булуң айыл өкмөтү бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, массалык маалымат каражаттарында чагылдырсын.

5. Токтом КР юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (Дауров У.Д.)

Кең-Булуң айылдык кеӊешинин төрагасы

М. Джумабаевв
