# Жээк айылдык кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №114/XXII-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жээк айылдык кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №114/XXII-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114/XXII-25
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24913>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-915/edition/452926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24913.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жээк айылдык кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №114/XXII-25 "Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (31.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24913

---

ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 31-марты №114/XXII-25 Калк конуштардан таштандыларды чыгарууга салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин иш аракетке киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 12-2 жана 12-1-беренелерине ылайык. Кыргыз Республикасынын 12.01.2002-жылдагы "Жергиликтүү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" № 5 мыйзамына ылайык Жээк айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жээк айылдык округунун аймагында калк конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн салык төлөмдөрүн чогултуу киргизилсин.

2. Калк конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн 2011-жылы юридикалык жактардан 100 сом, жеке жактардан 10 сом өлчөмүндө жыйымдарды чогултуу бекитилсин.

3. Жээк айыл өкмөтү

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшсүн;

- айыл өкмөттүн киреше боюнча башкы адиси бул токтом менен айылдык округдун аймагындагы бардык юридикалык жана жеке жактар менен тааныштырсын;

- кварталдык комитеттердин жардамы менен бул токтомду айылдык окугдун тургундарына жеткиришсин.

4. Токтом кабыл алгандан кийин15 күндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жээк айылдык кеңешинин төрайымы

З. Сыйналапова
