# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-декабрындагы №141/ХХI-25 "“Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-декабрындагы №141/ХХI-25 "“Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141/XXI-25
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-902/edition/452487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-декабрындагы №141/ХХI-25 "“Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө" токтому (19.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24900

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХVIII сессиясы

2011-жылдын 25-декабры №141/ХХI-25 “Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүнөн “курулуштарды куруу” түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерди өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13- беренелерине ылайык Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 бекитилген токтому, бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө өткөрүүү (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Жобонун жетекчилиги астында “Полигон” №574 контурунун жанындагы жайгашкан жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Айыл чарбачылыкка белгиленген жерлер” категорясындагы “башка жерлердин “ түрүнөн жалпы аянты 0.37 га “Полигон” №574 контурунун жанында жайгашкан жер тилкесин өткөрүүнү (трансформациялоону) жүргүзүү.

2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик жетекчилигине бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы

М.В.Ким
