# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы №133/ХХ-25 "Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы №133/ХХ-25 "Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133/XX-25
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-901/edition/452449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы №133/ХХ-25 "Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына которуу жөнүндө" токтому (15.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24899

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХ чакырылган ХХV сессиясы

2011-жылдын 15-сентябры №133/ХХ-25 Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-беренесине ылайык, 22-январь 2008-жылдагы №19 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген токтомунун бир категориядан экинчи категорияга же бир жерден экинчи жерге которуу (трансформация) тартиби жөнүндө Жобону колдонуп , № 126, 127, 128, жана 130 контурларда жайгашкан жер тилкелерин которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин “Айыл чарбасына белгиленген жерлер” категориясынан “Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери” категориясына №126, 127, 128, 130 контурда жайгашкан жалпы аянты 1,9 га жер тилкесин (трансформациялоо) которуу жүргүзүлсүн.

2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук администрациясына бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы

М.В.Ким
