# Токмок шаардык кеңешинин 2012- жылдын 9- ноябрындагы № 29/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2012- жылдын 9- ноябрындагы № 29/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/6-3
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24875>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-877/edition/654711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24875.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2012- жылдын 9- ноябрындагы № 29/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө" (09.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24875

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын VI сессиясы

2012-жылдын 9-ноябры № 29/6-3 Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорго өзгөрүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө Токмок ш. прокуратурасынын 2012-жылдын 21-августундагы №12/125-12 жана №12/126-12 сунуштарын, ошондой эле Токмок ш. прокуратурасынын 21.08.2012-жылдагы №12/127-12 талабын карап, Токмок шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган айрым токтомдорду Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы №13/5-3 токтому менен бекитилген «Токмок муниципалдык ветеринардык кызматын түзүү жөнүндө» Токмок муниципалдык ветеринардык кызматынын Жобосунун 4-беренесинин 4.1 пунктунун, экинчи абзацынан «тоскоолдуксуз» сөзү алынып салынсын.

2. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы 3-чакырылышынын 5-сессиясында кабыл алынган 15/5-3 жана 16/5-3 соттун кароосундагы токтомдору, сот акыркы чечим кабыл алганга чейин өзгөрүүсүз калтырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын тизмесине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрагасы

Р. Таманбаев
