# Сын-Таш айылдык кенешинин 2012-жылдын 30-апрелиндеги №133/23-25 "Сын-Таш айыл аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3, аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айылдык кенешинин 2012-жылдын 30-апрелиндеги №133/23-25 "Сын-Таш айыл аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3, аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133/23-25
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-872/edition/339407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айылдык кенешинин 2012-жылдын 30-апрелиндеги №133/23-25 "Сын-Таш айыл аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3, аныктоо жөнүндө" токтому (30.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24867

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 25 - чакырылыштагы 23-сессия

2012-жылдын 30-апрели №133/23-25 Сын-Таш айыл аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3, аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 б.4.п.02.10.2008-ж., айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327б. аткаруу максатында Сын –Таш айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сын-Таш айыл окмотунун аймагында айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К3-1, өлчөмдө аныкталсын.

2.Сын-Таш айыл өкмөтүнө:

бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин. бул токтомдун көпчүлүк маалымат каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлүн Сын-Таш айыл кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Акынов
