Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кенешинин ««Кант шаарында жер участокторун менчиктөө же ижаралоо укуктарын тоорукта акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 26-октябрындагы № 202 / XXV-25 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 25-чакырылыштагы 27-сессия
2012-жылдын 30-марты №229/XXVII-25 «Кант шаарында жер участокторун менчиктөө же ижаралоо укуктарын тоорукта акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 26-октябрындагы № 202 / XXV-25 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жер участокторун тооруктарда берүү үчүн документтерди даярдоо боюнча Кант шаарынын мэриясынын ишин мындан ары жакшыртуу үчүн, ошондой эле тооруктарды өткөрүү боюнча колдонмо материалдарды документтердин үлгүлөрү менен кошо иштеп чыгууну эске алып, Кант шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кант шаарында жер участокторун менчиктөө же ижаралоо укуктарын тоорукта
акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 26-октябрындагы №202/XXV-25 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Кант шаарында жер участокторун менчиктөө же ижаралоо укуктарын тоорукта акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом катталып, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө вице-мэр Э.Д.Абдрахмановго жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы
М. Дербишев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.