# Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июлундагы №242 "Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июлундагы №242 "Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-856/edition/341421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июлундагы №242 "Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө" токтому (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24754

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (II чакырылышы)

2011-жылдын 16-июлу №242 Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 15-июнундагы №276-08-6-катынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №82 Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндөгү» токтомунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланьпптар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 15-июнундагы №3-токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарында жаңыдан толук штаттык бирдиги менен №12-аймактык Кеңеши түзүлсүн.

2. №12-аймактык Кеңешинде 5 кварталдык комитет ачылсын.

3. Ош шаардык мэриясы (М.Мырзакматов) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин тийиштуу иш кагаздарын даярдоо менен Ош шаардык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.

4. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин жана кварталдык комиттердин штаттык бирдиктерин кармоо үчүн кетүүчү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Д.Алимбеков
