Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30 - июлундагы XXIV сессиясынын №192 - “Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XХVII (II чакырылышы)
2011-жылдын 30-марты №232 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30 - июлундагы XXIV сессиясынын №192 - “Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 15-мартындагы №97-08-6 депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын №192-токтому менен бекитилген «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү аукциондорду, конкурстарды жана жер тилкелерди түздөн-түз сатууга өткөрүү, ар кандай багыттагы обьекттерди куруу максатында жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга муниципалдык жана мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерине жеке менчик укуктарды берүү же ижаралык шарттарда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү үчүн курулуш, турак жай жана турак жай эмес жайларды сатуу” боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 18-мартындагы №6-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30- июлундагы XXIV сессиясынын №192 - “Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтом күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы №232-токтомуна тиркеме
КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНЫН ТИЗМЕСИ:
1.Сабиров Т.Н. – Ош шаарынын I-вице-
комиссиянын төрагасы;
2.Кадыров А.У. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаручу,комиссиянын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү;
3.Асанов А.Р – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
4.Абдуллаев Д.А – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
5.Алиев А.М – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
6.Нурбаев А.М. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
7.Алишеров К – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
8.Баетов Н. - Ош шаардык Мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын башчысы;
9.Абдыкаров А.А. – Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы;
10.Каратаева У.С. – Ош шаардык мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
11.Батырбеков Ж.Р. – Көз карандысыз баалоочу;
12.Шералиев Ш.Т. – Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү, (коомдук уюмдардын атынан);
13.Темиров А.Т. – Жеке ишкер.
Комиссиянын катчысы; Сыдыков Т. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
З.Сасыкбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 30-июлунун №192 "Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 30.07.2010 · № 192 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 38/8-4 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2016 · № 38/8-4 · Күчүн жоготкон