Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Ж.Балтабаевдин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-сентябры №247 Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Ж.Балтабаевдин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Ж.Балтабаевдин №39-балдар бакчасынын башчысы, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аматова Санталат Юсуповнаны жана №31-Курманжан Датка атындагы мектептин директору Абдуллаева Моту Кадыровнаны ээлеген кызматтарынан бошотуу жөнүндөгү буйругу менен таанышып чыгып, ал буйрукту негизсиз жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын 25-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин бузуу жолу менен берилгендигин белгилейт. Азыркы учурда Аматова Санталат Юсуповна Ош шаардык Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын 25- беренесине ылайык, депутаттардын шаардык Кеңеши аны кызмат ордунан бошотууга өз макулдугун берген эмес Аматова С.Ю. буга чейин дайыма алдыңкы жетекчилерден болуп, аткарган эмгектери үчүн эч качан эскертүү алган эмес, тескерисинче, дайыма алкышка ээ болуп, бир нече ирет үзүрлүү эмгектери үчүн шаардык бийлик органдарынын Ардак Грамоталарын жана сыйлыктарын алып келген. Башкасын айтпаганда дагы, үстүбүздөгү жылы эле май айында Аматова С.Ю. жетектеген балдар бакчасы №6-Манас Ата аймактык кеңеши боюнча «Мыкты балдар бакчасы» деп таанылып, тийиштүү сертификатка жана 5 миң сом өлчөмүндө сыйлыкка татыктуу болгон. Ошондой эле август айында өткөн шаардык билим берүү кызматкерлеринин конференциясында эң жакшы деп эсептелген үч балдар бакчасынын бири деп таанылып, 15 миң сом сыйлыкка ээ болгон. Мындан он күн өткөндөн кийин, эч кандай кемчиликтери эскертилбей туруп эле, шаардык мэриянын справкасын негиз катары алып, ал справка менен Аматованы тааныштырбай, кандай кемчиликтер жөнүндө сөз болуп жатканын билдирбей туруп, аны ээлеген кызмат ордунан бошотуп коюу эч бир мыйзамга туура келбейт. Белгилей кетүүчү нерсе, Аматова С.Ю. өзү жетектеген балдар бакчасын жакшыртуу үчүн бир топ алгылыктуу иштерди аткарган. Анын ичин, жайкы ашканасын ремонттоп, азыркы учурда кир жуучу жайын ремонттон өткөрүп жаткан. Абдуллаева Моту Кадыровна дагы шаардагы өз ишин жакшы билген, мыкты директорлордун бири катары эсептелип келген. №31-Курманжан Датка атындагы мектепти жетектеген 14-жыл ичинде, мектептин ишин жогорку деңгээлге көтөрүп, алдыңкылардын катарына кошкон. Абдуллаеванын жетекчилиги менен эл аралык уюмдар менен иштөөнүн натыйжасында мектептин чатыры шиферленип, окуу эмеректери жаңыланган, спорт залы капиталдык ремонттон чыгып, төрт спорт аянтчасы реконструкцияланган. Мектептеги окуучулардын билим деңгээли бир топ жогорулаган. 2010-2011-окуу жылында өткөн олимпиадаларда мектептин 8 окуучусу байгелүү орундарды ээлешкен. Ушундай жетишкендиктерге карабастан, эскертүү, сөгүш берүү сыяктуу тартиптик жазалоо колдонулбай, шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун макулдугун албай туруп, Аматованы жана Абдуллаеваны ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарып, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Балтабаев А.Ж. чоң катага жол койгон. Бул окуяны депутаттардын Ош шаардык кеңеши саясмй интрига, шаардык Кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүп жаткан кезде, С.Ю.Аматованын шаардык мэрия көрсөткөн партиядан эмес, башка партиядан депутаттыкка талапкер болгондугу үчүн, ал эми М.К.Абдуллаева шаардык кеңештин депутаттарын мектепке көрсөткөн жардамдары үчүн чогулушта мактагандыгы боюнча, мэрия тарабынан бул эки жетекчини кызматтан бошотуу жөнүндө шаардык билим берүү башкармалыгына көрсөтмө берилген, ал эми Балтабаев А.Ж. ал көрсөтмөнү принципсиздик менен түз аткарган деп эсептейт. Жогоруда белгиленгендердин негизинде, №39-балдар бакчасынын башчысы, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аматова Санталат Юсуповнанын жана №31-Курманжан Датка мектебинин директору Абдуллаева Моту Кадыровнанын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык билим берүү башкармалагынын башчысы Балтабаев Абдували Жакыповичке Аматова Санталат Юсуповнаны жана Абдуллаева Моту Кадыровнаны ээлеген кызмат орундарынан бошотуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгаруу сунушталсын.
2.Ош шаарынын прокурорунан (Л.Жумабаев) Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Балтабаевдин С.Ю.Аматованы жана М.К.Абдуллаеваны ээлеген кызмат орундарынын бошотуу жөнүндөгү буйруктарынын мыйзамдуулугун карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүү менен бирге, жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирүү суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигине (К.Садыков)
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында орун алган мыйзамсыз аракеттерди жана адистер маселесин карап чыгып, мыйзам бузууга жол койгондорго тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон