# Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 30-мартындагы №228 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 - токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 30-мартындагы №228 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 - токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-822/edition/336010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24720.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 30-мартындагы №228 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 - токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "токтому (30.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24720

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы (II чакырылыш)

2011-жылдын 30-марты № 228 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 - токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын 2011-жылдын 1-февралындагы №27- он сом өлчөмүндөгү жыйымдан алына турган парковка салыгынын өлчөмүн 5 сомдон 3 сомго түшүрүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап чыгып жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 21-февралындагы отурумунун №7-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81- токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомунун аталышындагы чен өлчөмүн деген сүйлөмдөн кийинки 2009-жылга деген сөз алынып салынсын.

2.Аталган токтомдун 1-пунктундагы 2009-жылга салык эмес төлөмдөрдүн төмөнкү чен өлчөмдөрү бекитилсин деген сүйлөмдүн 2009-жылга деген сөзү алынып салынып, 1-пунктун 3 подпунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:

Ош шаарында автотоктомолордон алынуучу 10 сом өлчөмүндөгү парковка жыйымынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү автопарковка үчүн салык эмес төлөмүнүн өлчөмү 2011-жылдын 31-декабрына чейин 3 сом деп бекитилсин.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана “Ош шамы” гезитине жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Д.Алимбеков
